Шейх Мухаммад ибн Солих аль-Усеймин رحمه الله айтты:
Пайгамбар ﷺ түңкү намазды *иш-аракети менен белгилүү санга чектеген*, бирок ошону менен эле бирге элдерди – ал чектеген сандын үстүнө кошумча кошуудан – тыйган эмес.
Пайгамбар ﷺ түнкү намаз кандай болуш керектиги жөнүндө суралганда, “Түңкү намаз экиден экиден” (б.а. эки рекеттен окулат) деп жооп берип, бир санды *айтып чектеген эмес*. Ошондой эле, ал ﷺ айтты: “Ар кимдин өз күчүнө жараша”.
Бул нерсени (түнкү намаздын рекеттерин) так бир сан менен чектебесе, демек – ал иште кененчилик бар деп билсе болот.
Пайгамбар ﷺ түңкү намазды 11 же 13 рекеттен ашырчу эмес. *Бирок аны өтө узартып окучу*.
Хузейфа Ибн аль-Йаман айтат: Пайгамбар ﷺ түңкү намазда [биринчи рекетинде эле] Бакара, Ниса жана Алу Имран сүрөлөрүн аягына чейин окуган. Пайгамбар ﷺ менен бирге намазга Абдуллах Ибн Масуд турган эле, ошондо Пайгамбар ﷺ намазды ушунча созду, Ибн Масуд айткандай: “[мен чыдабай кеткендигимен] жаман ишти каалап жибердим”. Элдер айтышты: “Ал эмне иш?”. Айтты: “Кетип калайын дедим”.
Пайгамбар ﷺ түнкү намаздын рекеттерин ошол сандан ашырган эмес, себеби ал кыямды өтө узартчу. Пайгамбар ﷺ намазда – тамандары жарылып кеткенге чейин тураары – элдин көпчүлүгүнө белгилүү.
Бирок намазды ушундай кылып узун окуу – элдер үчүн – өтө кыйын болоор эле. Ошондо алар *рекеттердин узундугун азайтып, санын көбөйтүүгө өтүшкөн*. Ушинтип намазды жеңилдетүү – тээ илгери, керек болсо Салаф Солихиндердин учурунда эле белгилүү болгон.
Ошондуктан биз айтабыз: Эгер инсан (таравих намазынын рекеттерин) Пайгамбар ﷺ окуган сан менен чектейм десе – албетте, бул жакшы. Андан да жакшыраагы – анын түнкү намазы Пайгамбардын ﷺ түнкү намазына – САНЫ жана СЫПАТЫ жагынан дал келүүсү.
Ал эми ага (рекеттин саны) кошулса мында эч кандай күнөө жок. Себеби Пайгамбар ﷺ (таравих намазынын рекетин) Рамазан айынын башында да, аягында да бир сан менен чектеген эмес.
Жообумду азыр жыйынтыктасам: демек, (таравих намазынын) он бир же он үч рекетине кошумча кошулса – андан эч жамандык жок. Ал Рамазандын башында болсун же аяк жагында.
Булак: Нур ‘аля ад-дарб: 142-кассета
----------------------------------
ИсламЖолу: Биз ар бир мечитте окуп жаткан бир туугандарыбызды чакырып кетебиз. Таравих намазын аягына чейин окуңуздар! Имам канча рекет окуса ошончо рекет окуңуздар.
ИсламЖолу - сахабалардын жолу
➖➖➖➖➖➖➖➖➖➖➖➖
⏺️Аалымдар сөзү
Тайпасына катталыңыздар
Инстаграм/Телеграм: @aalymdar
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев